Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов кызматтан бошотулду
КРнын Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгонун аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, аны кызматтан алуу министрликтеги гендерлик балансты сактоо зарылчылыгынан келип чыкты. Ал эми Байсалов өзү мындай чечимди түшүнүү менен кабыл ала турганын жарыялады.