Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер үчүн курулган №19-түзөтүү колониясынын шарттары жогорку деңгээлде камсыздандырылган. Кылмышкерлер күнүнө 3 маал ысык тамак менен камсыз болуп, аларга 87 сомдон 120 сомго чейин акча сарпталгандыгы тууралуу аталган колониянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурдин Турусбеков билдирди.
Баса белгилеп айта кетчү жагдай, абактын ичиндеги медициналык бөлүмү да заманбап техника менен камсыздандырылган.
"Өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлердин ден соолугуна кам көрүлүүчү жайлар заманбап техника менен жабдылган. Кылмышкерлердин арасынан жумасына 2-3 адам медициналык жардам сурап кайрылат, алар терапевтке көп барышат. Учурда жеңил жасалуучу операцияларды абактын ичинде эле жасаганга мүмкүнчүлүктөр да түзүлгөн. Дары-дармек жана керектүү каражаттар менен толук камсыздалган", - дейт дарылоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сариева.
Кылмышкерлерди дарылоочу жай.
Абакта керектүү дары-дармектер бар.
Заманбап тиш дарылоочу аппарат. Акыркы 2 ай аралыгында тишин дарылатууга 2 кылмышкер кайрылган.
Абактын ичинде ооруп калган кылмышкерлер үчүн атайын бөлмө каралган.
Азыркы тапта абакта 50 кылмышкер кармалууда. Бирок аталган имарат 100-150 кылмышкерге ылайыкташтырылып, ар бир камерага 4 адам отургузулмакчы. Бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын баары көчүрүлүп келе элегине байланыштуу ар бир камерада экиден гана адам кармалууда.
Бул камера 4 кылмышкерге ылайыкталган.
Кылмышкерлер жакындары жана туугандары менен кездешүүгө арналган жайлар курулууда. Кыска мөөнөттөгү жолугушуулар 2 сааттан 4 саатка чейин уланса, үй-бүлөлүүлөргө 3 суткага чейинки узак мөөнөттөгү жолугушууларга ылайыкташтырылган бөлмөлөр салынууда. Анын ичинде бардык шарттар түзүлө тургандыгы маалым.
Жаңы курулуп жаткан имарат.
Кыска мөөнөттөгү жолугушуу учурунда абактагылардын жакындары кирчү жай.
Кыска мөөнөттөгү жолугушууга абакта отургандар кирчү жай.
Кылмышкерлер күнүнө 1,5 саат сейилдешет. Ал үчүн да каралган тийиштүү залдар жана бөлмөлөр бар.
Кылмышкерлер сейилдөөчү жайды түзөтүү колониясынын кызматкерлери үстүнкү кабаттан көзөмөлдөп турушат.
Өмүр бою эркинен ажыратылган Талас облусунун 65 жаштагы тургуну 2 адамды атып салгандыгы үчүн 16 жылдан бери камакта отурат. Ал өмүр бою эркинен ажыратылып, абакта кыйноо көргөндөн көрө өлүп алганы артык экенин айтып, жашоосуна нааразы болду.
Аталган абакты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана Күзөтүү департаментинин 4-батальонунун 12-ротасы кайтарат. Азыркы күндө ал жакта 60тан ашуун жоокер кызмат өтөп, аларга атайын үйрөтүлгөн жардамчы иттер берилген. Жоокерлерге мамлекет тарабынан айына 300 сом бөлүнөт, аны өзүнүн майда керектөөлөрүнө жумшай турганын катардагы Б.Сарымсаков аттуу жоокер билдирди.