22-марттан 29-мартка чейин Бишкек шаардык мэриясынын "185" ыкчам чара көрүү кызматына 157 кайрылуу түштү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жогорудагы кайрылуулардын ичинен 66 кайрылууга чара көрүлдү. Булардын ичинен 48 жаран электр энергиясы жаатындагы көйгөйлөр, калгандары ар кандай маселелер боюнча жардам сурашкан.