Май айында Бишкекке Владимир Путин келет

Бүгүн, 29-мартта “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргызстан Евразиялык алаканын жолунда” аттуу эл аралык конференциясына катышууга келген Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда премьер-министр Москва шаарында ушул жылдын апрель айында өтүүчү соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынтыгынан Кыргызстан чоң жетишкендиктерди күтөрүн билдирди. Өз кезегинде Шувалов кыргыз делегациясынын Москвага келишине жана Өкмөттөр аралык комиссияны өткөрүүгө Орусия тарап дыкаттык менен даярданып жатканын белгиледи. Ошондой эле ЖККУнун сессиясына катышуу үчүн 2013-жылы май айында Бишкекке Владимир Путиндин келери белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан