Борбордогу Свердлов районуна караштуу Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 29-апрелге караган түнү 3 адамдын өмүрүн алган каргашалуу окуя орун алды. Анда 41 жаштагы аялды, анын 27 жаштагы сиңдисин жана 19 жаштагы кызын 32 жаштагы Нарын облусунун тургуну бычактап, жабырлануучулар көп кан кетүүдөн каза болуп калышкан.
Окуя орун алган үйгө барганыбызда маркумдардын кошуналарынын көбү бул тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин билдирип, таң калып жатышты. Ал эми каргашалуу окуя болгон үйдүн жанында 3 жылдан бери батирде жашаган Гүлбара Асанкулова аттуу кошунасы маркумдар 1 жылга жакын убакыттан бери №167-үйдөгү батирде жашап келишкенин айтты.
"Түндө эмне болгонун билбей калдым. Үчөөнү тең бычактап, оор жаракаттардан улам энеси, кызы жана маркумдун бир тууган сиңдиси каза болуп калганын уктук. Уулум "түндө жаш жигит бакырып ыйлап жаткан" деп эртең менен айтты. Милиция кызматкерлерине да күбө катары ушуларды айтып берди. Бул үйдө бир нече батир бар, жашоочулары бат-бат алмашып турат, бирок каза болгондор узак мөөнөттөн бери жашап келишкен. Эски бекетте нан сатып иштейт деп угуп жүргөм. Каза болгон 19 жаштагы кыз хиджаб кийип жүрчү, өзү токтоо эле. Дайыма корообузга келип суу алып жүрчү. Кошуналар үчөөнү жакында эле дааваттан келген ошол кыздын жигити өлтүрүп кеткенин айтып ызы-чуу болуп жатышты. Эртең менен жолго чыксам, үйдүн айланасында сакалчан бир нече киши жүрүптүр", - деди Г.Асанкулова.
Ал эми маркумдардын дагы бир Таалай аттуу кошунасы бул окуя тууралуу маалымат каражаттарынан окуп, кооптонуп жаңы эле жумушунан кайтып келгенин айтты. Ал бул райондо 10 жылдан бери жашай турганын кошумчалап, үйүнүн жанында мындай акылга сыйбаган окуя орун алганына ишенбей жатканын билдирди.
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бул тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Түндө саат 01:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө "Т.Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 3 аялды өлтүрүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке Свердлов РИИБинин жетекчилери жана кызматкерлери барышкан. Убактылуу жашоочу үйдүн ичинен 41 жаштагы Венера аттуу аялдын жана 27 жаштагы Алтынай аттуу кыздын колтук тарабына бычакталган жансыз денелери табылган. Ал эми 19 жаштагы Нуржанат аттуу кыз санына бычактан жаракат алып, оор абалда болгон. "Тез жардам" кызматы келип, тиешелүү жардам көрсөткөн, бирок кыздын каны көп кетип, өзүнө келбей каза болуп калган.
Күбөлөрдүн айтымында, кансыраган кыз сыртка качып чыгууга үлгүрүп, жардам сурап кыйкырган. Шаарда 25-апрелден бери рейд жүрүп жаткан, ошондон улам кылмышка шектүү кыска убакыт аралыгында колго түшүрүлгөн. Аталган аймак кызматкерлер тарабынан тез арада курчоого алынып, колунда бычагы бар кылмышка шектүү Осмонкулов көчөсүнөн кармалган. Анын кийими, бут кийими, колдору кан болчу.
Кылмышка шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал сүйлөшкөн кызына жолугушууга келген, бирок анын апасы урушуп экөөнү жолуктурбай койгон. Ошол себептен улам кылмышка шектүү алгач кетип, спирттик ичимдик ичип, 2 бычак алып кайра кайтып, сүйлөшкөн кызын, апасын жана сиңдисин бычактап кеткен. Учурда ал милиция кызматкерлерине көрсөтмө берүүдө".
Алдын ала маалыматтарга ылайык, каза болгон аял менен эки кыз борбордогу эски унаа бекетиндеги ашканалардын биринде иштечү. Ал эми кылмышка шектүү жаран аталган бекетте наабайканада иштеп келген.