Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ал эми Талант Мамытов 1 жылга кесилди. Мындай өкүмдү бүгүн, 29-мартта соттук иштерге төрагалык кылуучу судья Адылбек Субанкулов окуду. Ошондой эле 3-октябрдагы митингде алып баруучулук кылган Кубатбек Кожоналиев акталып, депутаттардын жан сакчылары 1 жылга соттолушту. Аталган жарандар "Өлкөдөгү Конституциялык түзүлүштү уратууга чакырык жасаган", "Бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган" деген беренелер боюнча айыпталды. Айта кетсек, соттолуучулардын жаза өтөө мөөнөтү 2012-жылдын 4-октябрынан баштап эсептелип, СИЗОдо отурган 1 күнү 2 күн катары саналат. Демек, Ташиев менен Жапаров 6 ай абакта отурат. Талант Мамытов менен жан сакчылардын жаза өтөө мөөнөтү бүттү деп эсептелип, жакын арада боштондукка чыгыша тургандыгы кабарланды.
Эске салып кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте "Кумтөр" алтын кени боюнча митинг өтүп, ага аталган депутаттар жетекчилик кылган. Митингден соң Камчыбек Ташиев ондогон адамдар менен барып, Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүп, ызы-чуу жараткан.