Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов эки өлкө ортосундагы ири долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

29-мартта президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шувалов менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчысы Кыргызстан Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууга умтулуп жаткандыгын баса белгиледи. Өз кезегинде Игорь Шувалов Орусия Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке тең укуктуу негизде кошулуу процессин активдүү колдоого ала тургандыгын билдирди. Жолугушуу учурунда  Кыргызстан менен Орусиянын өз ара пайдалуу ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар, тактап айтканда, “Манас” аэропортунун базасында жүк ташуучу логистикалык борбор түзүү, ушул жылдын май айында өткөрүлө турган ШККУнун саммитине даярдыктын жүрүшү жана Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадынын курулуштары жана пайдалануу алкагында электроэнергетика тармагында мындан ары кызматташуу маселелери дагы талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан