Камила Талиева: "Ош окуясында жабыр тарткандардын көйгөйлөрү толук чечилерине ишенем"

29-мартта вице-премьер-министр Камила Талиева Бишкекте 2010-жылдагы Ош окуясында жабыр тарткан жарандардын тобун кабыл алды. Жолугушууда Талиева жабыр тарткандардын социалдык жана башка маселелерин тийиштүү министрликтер менен бирге чечүүгө мүмкүн экендигин билдирди. “Сиздердин доомат-арызыңыздар толугу менен ар тараптуу каралып, чечилет деп толук ишенем. Ар бириңиздердин суроо-талабыңыздарды чечүүгө биз кызыкдарбыз, бирок жергиликтүү бийликтердин шалаакылыгы, убакытты созуп келгендиги өкүнүчтүү”,- деди Талиева. Вице-премьер-министр тиешелүү министрликтердин жетекчилерине Ош окуясында жабыр тарткандардын маселелерин чечүү тууралуу тийиштүү тапшырмаларды берди жана алардын чечилишин көзөмөлгө аларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан