Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров сот чечимине макул эмес
Депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эмес. Мындай пикирин алар соттун өкүмү чыккан соң билдиришти. Белгилүү болгондой, алар апелляциялык арыз менен эми Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандыктарын айтышууда. Айта кетсек, бүгүн сот тарабынан аталган эки депутат 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.