Борбор калаада 1,5 жаштагы баланы уурдоого шектелип 19 жаштагы келин кармалды

Борбор калаада 1,5 жаштагы баланы уурдоого шектелип 19 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары Марлис Асанов билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 3-майда милиция кызматкерлерине арыз менен 20 жаштагы Т.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал Ж. аттуу чала таанышы 1,5 жаштагы баласын үйүнөн уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы С. к. А. аттуу келин кармалган. Учурда кылмышка шектелген жаран аталган бөлүмдө сурак берип жатканы маалым болду. Кылмышка шектүү келин мындай кадамга кичинекей бала ооруп жаткандыктан барганын, тагыраак айтканда, наристени "айыктырып кайра алып келем" деген ой менен алып кеткенин айткан.

1,5 жаштагы баланы уурдоого шектелип 19 жаштагы келин кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Sema87
2016-05-04 16:23:17
Тааныган билген эле адамдын баласын кантип уурдайт эле нервинный окшойт тиги арызданган аял
+6
lolo.1
2016-05-04 16:27:58
Ою жок!!!
+1
abusait
2016-05-04 16:36:49
Бири тааныбаган эле бироого баланы таштаса , экинчиси бала уурдаса.. .Акыл эси жайында эмеско экоону тен.
+5
Ainagula
2016-05-04 17:09:06
Бала уурдаган неме жоолукчан экен. Корсо, жоолук оронгондордун баары эле жакшы адамдар эмес экен да.
+1
Aselina87
2016-05-04 19:33:45
Ушунчалык жардам бергиси келип балага боор ооруса тез жардам чакыртып ооруканага алпарбайбы..кандай гана карангылык..бироонун баласын уйуно алып кетип кайра алпармакмын деп коет.биртууганы да болсо бир жон.
-5
Sajakat14
2016-05-06 22:18:58
Aselina87,мен дагы ошентип ойлойм! Өзү бала төрөп алып каалагандай бага берсин! Бирөөнүн короосунан тоокту сурабай алып кетсе дагы милиция чакырып ууруну карматканга болот! Адамдын баласын уурдаганда эмнеге жоопко тартканга болбосун?! Колу менен бирөөнүн баласын уурдадыбы башы менен жооп берсин!
0
aminali
2016-05-04 19:59:45
Эне ХХХ ХХХ, чачын саргартып ХХХ ХХХ журсон баланы карабай алып кетет да. Тигил аялга рахмат айтсын, журогу бар аял экен. 1 жума отсо бир жон 1 эле кун отуптур го, калыстык болуш керек да террористи кармагандай сыймыктанып койот.
+12
admin_portal
2016-05-05 09:22:15
aminali, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
-1
Sajakat14
2016-05-06 22:23:42
aminali,Баланын энеси чачын сапсары эмес жарпжашыл кылып боёп алган күндө дагы баланын энеси!Анын колунан алып кетип калганга эчкимдин акысы жок!Тигил аял бирөөнүн баласын үйдөн өзүнө алып кетип калганга акыны каяктан алды? Эмнеге баланы алып кетип калгандан кийин эле телефонунун номери алмашып калат? Бул жерде жашыра турган иш бар болгондуктан ушундай болуп жатпайбыТүшүнүктүү эле иш болуп жатпайбы.Керек болсо бирөөнүн үйүнөн бир буюмду же малды сурабай алыпкетип калган учурда жоопко тартылышат<
+1
fanatka19
2016-05-04 20:25:39
Максат тиги кызга жардам бер сураныч.баланын апасын иликтеп көр,кандай жашайт,чындап эле баласын тыштап коюп,эркектер м.н жүрсө боору ооруп алып кетсе кеткендир.кошуна колоң дегендерден сураштырып.
+21
baska
2016-05-04 22:14:09
Ой тообаааа баланын апасын карагылачы олот экен эми чачына вареня тогуп алгансып кичине кыргыз кызына окшосо боло жолдошу да жок болуш керек кайсы эркек уруксат берет аяалын ушинтип жрушуно,мисалы менин жолдошум чачымды бирден жулса керек эле ушинтип журсом,
Тиги баланы алып кеткен кыз болсо баракелди балага ичи ачышып ушу ишти кылды да байкуш,бирок жебеген самсана акча толоп отурасын,азыркы адамдардан жакшылык кутпой эле койуш керек
+8
Sajakat14
2016-05-06 22:27:23
baska,Бул жерде бала уурдоо болуп жатат. Чачынын өңү кандай болгон күндө дагы бала аныкы. Эч кимдин акысы жок баланы алып кетип калганга. Изин жашырыш үчүн телефон номеринен бери алмаштыра калганын.
+1
fanatka19
2016-05-05 02:19:07
19 жашар кызга бирөөнүн баласынын не кереги бар.чындап жардам бергиси келсе керек.энеси 1,5 жашар баланы кароосуз неге тыштайт?.
+5
ere
2016-05-05 09:47:41
Жакшылап иликтеп акыйкат жыйынтык чыгарат деп ишенейинчи!
+1
aerforce
2016-05-06 14:19:31
энеси акмак женил жургон кыз окшойт а беркида келесоого буйумду деле сурап аласынго жакшылык кылм деп айтпай коймок беле алып кет айтып койда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан