КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Эми карапайым калк (0312) 62-04-35 телефон номери аркылуу өздөрүнүн сунушун, сын-пикирин жана арызын министрликтин дарегине түз жеткире алышат. Ошондой эле жумуш издөө, жумушка орношуу шарттары, насыя алуу, билимди жогорулатуу, чет өлкөлөрдө жумушка орношуу сыяктуу бир катар суроолорго жооп ала алышат.