Бишкекте айыл чарба техникаларынын жарманкеси өтөт
22-23-майда
Бишкек шаарында айыл чарба техникаларынын эл аралык жарманкеси өтөт. Айыл
чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жарманкеге Орусия, Украина, Кытай, Түркия жана
башка мамлекеттердин айыл чарба техникаларын чыгарган ишканалар катышат.
Иш-чаранын максаты - фермерлерге,
дыйкандарга керектүү айыл чарба шаймандарын алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек
Узакбаевдин айтымында,
жарманкеге алынып келинген техникаларды лизингге берүү
маселеси да каралып жатат.