Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 91-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) билдирет.
Жаңы тизме бүгүн, 20-сентябрда жарыяланды. Кыргыз курамасы сентябрда Палестина (1:1) жана Сирияга (2:1) каршы беттештерди өткөрүп, 1265 упай топтоду. Бул көрсөткүч менен Кыргыз курамасы 91-орунда жайгашты.
Жаңы тизмеде айдын мыкты командасы деп Украина курамасы табылды. Алар 6 тепкичке көтөрүлүп, 29-орунга жайгашты. Ал эми эң начар көрсөткүчтү Гана курамасы көрсөтүп, 6 баскычка түшүп 51-орунга жайгашты.
2019-жылы орун ала турган Азия биринчилигиндеги Кыргыз курамасынын каршылаштары төмөнкүдөй орундарга жайгашты: Түштүк Корея 55, Кытай 76 жана Филиппин курамасы 114-орунда.