Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 4 баскычка алдыга жылды

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын ноябрь айы үчүн чыгарган рейтингинде 4 баскычка алдыга жылды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет. 

Маалыматка ылайык, мурунку рейтингде 209 мамлекеттин ичинен 150-орунга түшүп кеткен Кыргызстан бул жолу 146-орунда жайгашкан. 

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк рейтингдин сап башындагы орундарын Испания, Германия жана Аргентина курама командалары сактап калышты. Өткөн рейтингде алдынкы ондукка кирбей калган Бразилия жана Португалия курама командалары бул жолу негизги ондуктан орун алды. 

Азиянын аймагында болсо Кыргызстан 46 мамлекеттин ичинде 26-орунду ээлейт. Бул аймакта рейтингди Иран курама командасы жетектейт. 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2013-11-28 20:12:14
алдыга умтулгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан