31-мартта саат 14:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Шорин, Тоголок Молдо, Ташкент, Исанов көчөлөрүндө, ал эми саат 9:30дан 16:00гө чейин Жумабек, Жибек Жолу, Коёнкөзов көчөлөрүндө электр жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул өчүрүүлөр № 34, 785, 597-көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болот.