Бишкекте "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деп шектелген 19 жаштагы келин 2 суткага камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов билдирди.
“Кылмышка шектүү катары кармалган 19 жаштагы С. кызы Г. 48 саатка камакка алынды. Эртең бул иш сотко өткөрүлүп, андан аркы жазасын сот чечмекчи. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт М.Асанов.
Бүгүн бул иштин чоо-жайын билүү үчүн наристенин апасынын үйүнө барганбыз, бирок ал комментарий берүүдөн баш тартты. Баланын апасы менен болгон кыска маегибизде өзүн жабырлануучунун сиңдиси катары тааныштырган кыз төмөнкүлөрдү билдирди: “Ал күнү мен үйдө дос балам менен отургам, анан үйгө Жазмина (ред. кылмышка шектүү) келген. Ал "дүкөнгө барып келейин" деп баланы алып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аны бала менен кошо кийинки күнү милиция кызматкерлери кармап келишти. Милиция бөлүмүнө барганда анын аты Жазмина эмес, Гүлмира экенин билдик”.
Айта кетсек, 4-майда "1,5 жаштагы баланы уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө үйүндө наны жок, ооруп жаткан баланы айыктырып,
дары-дармектерди берип, анан апасына кайтарып берем деген ой менен үйүнө алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.