Ала-Бука районунда 15 жаштагы кыз асынып алды. Кыздын ата-энеси эч кимге доосу жок экенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 1-майда аталган райондун Т.Балтагулов айылында орун алган. Анда 8-класстын окуучусу үйүнүн артындагы даракка асынган. Жергиликтүү тургундардын бири билдиргендей, кыз өз өмүрүнө кол салардын алдында туугандарына барып учурашып кайткан. Ошондой эле мектептеги жакын курбусуна "менден эстелик болсун" деп өзү тагынып жүргөн галстугун берген.