Москвада метродон 18-апрелде кыргыз жарандарына кол салгандар кармалышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган шаардын “Улица Скобелевская” менен “Битцевский парк” каттамындагы поезддердин биринен белгисиз адамдардын кыргыз жарандарына кол салышканы видеого түшүп калган. Белгисиз жарандар поезддин ичинен мушташ уюштуруп, бир кыргыз баланын көзүнө газ баллончосун чачып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилип, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин алкагында аталган кылмышка шектүү катары Москва шаарынын жана Москва облусунун тургундары кармалып, алар футболдук клубдардын биринин күйөрмандары экени аныкталган. Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан мергенчилик кылууда колдонулуучу бычак, электрошокер табылган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда экени маалым болду.