Бүгүн, 1-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Средний жана Монгол көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле убакытта Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын Алексеевка айылына электр жарыгын берүү чектелет. Ошондой эле саат 10:00дөн 15:00гө чейин Тынчтык жаңы конушунда да жарык болбойт. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, мындай өчүрүүлөр “Күн-Туу” жана “Алексеевка” көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.