30-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун Ош облусундагы иш сапарында Кара-Кулжа районунун Калинин, Кара-гуз сындуу бир катар айылдарында жергиликтүү калктын турмушу, жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, элет жериндеги маселелер жаатында пикир алышты. Жолугушуу жүрүшүндө жергиликтүү тургундар мал этинин баасынын түшүп кеткендигин айтышып, сырттан ташылып келинген буйвол этинин көлөмүнүн өсүшү жергиликтүү калк тарабынан өндүрүлгөн эттин өтүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын айтышты. “Бул маселе Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, эт импортуна таптакыр тыюу сала албайбыз, бирок анын көлөмүн азайтса болот”,- деди Жээнбеков. Ал эми паспорт алуудагы кыйынчылыктарды айткан тургундарга төрага "мамлекеттик кызмат адамдарынын жаңы муунун өстүрүп, алардын иштөө шартын жакшыртуу керек, ошондо гана алгылыктуу натыйжаларга жетише алабыз" деп жооп берди.