Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери "бир катар кылмышка шектелип издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө аты-жөнүн өзгөртүү менен өздүк документ жасап беришкен" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмышка шектелип жаткан кызматкерлер 34 жаштагы У.Руслан аттуу жаранга өздүк документтерин жасап беришкен. Изделген жаран “адам өлтүрүү”, “каракчылык”, “автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу” беренелери менен айыпталып, 2009-жылы издөөгө алынган. Аталган кылмыштарга шектүү 2008-жылы өзүнүн криминалдык чөйрөсүндөгү адамдары менен биргеликте тапанча жана электрошокер менен коркутуп, Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн ири суммага бааланган баалуу буюмдарын тартып алган жана үй ээсинен 40 миң доллар акча каражатын талап кылган. Андан көп өтпөй ушул эле адамдар Токмок шаарынын тургунунун үйүнө кирип 680 миң теңгесин, сом жана доллар менен бааланган ири суммадагы акча каражатын тартып алышканы айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча "кылмышка шектүү жаранга мыйзамсыз түрдө өздүк документ жасап берген" деп шектелген тиешелүү кызматкерлерге "кызматтык жасалмалык", "кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.