Аламүдүн районунда 12 жаштагы бала 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда SUPER.KG порталына Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 8-майда Аламүдүн РИИБине арыз менен 43 жаштагы Жеңишбек Досбаев аттуу тургун кайрылган. Ал 12 жаштагы Сапарбек Досбаев аттуу баласы 5-май күнү саат 11:00дө чамасында мектепке барам деп кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Сапарбек үйүнөн мектеп формасын, күрөң бут кийим кийип чыккан.
Баланы көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышып койсоңуздар:
(0312) 36-35-27, 36-35-23, (0553) 26-56-57, (0553) 92-69-26, (0559) 01-93-35