Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү үчүн жол картасын даярдайт. Бул тууралуу КРнын Экономика министри Темир Сариев билдирди. Айта кетсек, учурда бул биримдикти Орусия, Беларусь жана Казакстан өлкөлөрү түзөт. “Саясий чечим кабыл алынды, эми анын жол картасын даярдайбыз”,-дейт Сариев. Анын айтымында, Бажы биримдигине кошулуу республиканын экономикасына коркунуч жаратат, бирок анын артыкчылыгы көп. Ал эми евразиялык экономикалык комиссия интеграциясынын негизги багыттары боюнча министри Татьяна Валоваянын айтымында, Кыргызстандын биримдикке кошулушу чет элден келчү инвестициянын көлөмүнүн өсүшүнө шарт түзөт.