Кыргызстанда ВИЧ, СПИД менен ооруган 211 бала жөлөк пул алат

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен ооруган балдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын категориясына кошуу каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде тегерек столдо Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев билдирди. Анын айтымында, учурда аталган илдет менен ооруган көпчүлүк балдар тиешелүү жөлөк пул албайт. Ал эми тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен аларга болгон коомчулуктун туура эмес көз карашын жоюуга болот. Маалым болгондой, учурда өлкөдө ВИЧ жана СПИД менен жабыркаган 326 бала бар. Алардын 65 пайызы же 211 бала жөлөк пул алат. Ал эми калгандарынын ата-энелери уялып ачыкка чыгарбай, мындан улам аларга жөлөк пул берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан