Ташиевдин жактоочусу: "Сот мыйзамсыз чечим чыгарды, эми шаардык сотко кайрылабыз"
"Депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров боюнча сот мыйзамсыз чечим чыгарды",- дейт Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов. Буга байланыштуу айыпталуучу тарап 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрыла турганын кошумчалады ал. Анын айтымында, депутаттар акталышы керек. Ал эми Башкы прокуратура "ата журтчу" депутаттар боюнча сот жумшак өкүм чыгарды деп эсептейт жана бул орган да Бишкек шаардык сотуна кайрылат. "Башкы прокуратура учурда соттун чечимин күтүп жатат. Чечим менен таанышып чыккан соң ошого жараша токтом кабыл алынып, шаардык сотко кайрылуу жиберилет",- дейт аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Сейитжан Апышев. Айта кетсек, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытов менен депутаттардын жан сакчыларын 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ал эми эксперт Кубатбек Кожоналиев акталып чыкты.