Борбор калаада 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Аида Айдарова изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына кыздын апасы Анарбү Карабекова билдирди.
Маалыматка ылайык, Аида 5-май күнү саат 08:45 чамасында үйүнөн чыгып, жумушка кеткен бойдон дайынсыз болууда. Белгилери: бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы, көзү кара. Жеңил булгаары күрмө, ак-кара сызыкчалары бар футболка, көк түстүү жынсы шым, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
"Кызымдын телефону 5-май күнү саат 14:00гө жакын өчүп калды. Саат 15:00дө телефонума "Апа, кечирип коюңуз, мен 1 жылдан кийин келем. Өзүңүздү жакшылап караңыз!" деген билдирүү келген. Ошол бойдон телефону күйгөн жок. Милицияга да арыз жазгам, бирок азырынча натыйжасыз болууда", - дейт А.Карабекова.
Эгер изделип жаткан кыздын кайсы жерде жүргөнү тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, (0770) 51-32-32, (0557) 70-80-90, (0776) 20-99-92 телефон номурлары аркылуу кабарлап койсоңуздар.