Дамира Ниязалиева: "Социалдык өнүктүрүү министрлигинде иштегендердин маянасын көбөйтүү керек"

“ВИЧ-инфекциясы менен ооруган балдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын категориясына кошуу демилгесин колдойм”,- деди бүгүн, 1-апрелдеги тегерек столдо ЖКнын депутаты Дамира Ниязалиева. Ал ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. “Айлык маянанын аздыгына карабай иштеп, ушундай чоң маселелерди көтөрүп жатканыңыздарга абдан ыраазымын. Бул министрликте иштеген кызматкерлердин айлык акысын көтөрүүнү карап чыгуу керек. Эгерде мамлекетте акча жок болсо, башка каржы булактарын издөө зарыл”,- деди эл өкүлү. Айта кетсек, аталган министрликтин демилгеси менен бүгүн "КРнын Жөлөк пул мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан