Кыргызстанда эркектер 63 жашында, аялдар 58 жашында пенсияга чыгышат. Ал эми Орусия, Украина, Эстония, Өзбекстан жана башка өлкөлөргө салыштырмалуу өмүр бою иштебей, бирок социалдык жөлөк пул алган адамдар Кыргызстанда 5 жылга эрте пенсияга чыгышат. Аталган топко кирген жарандардын пенсияга чыгуудагы жашын жогорулатууну Социалдык өнүктүрүү министрлиги демилгелөөдө. Ага ылайык, эркектер 65, аялдар 60 жашында пенсияга чыкмакчы. Мындай демилге туура экендигин ЖКнын депутаты Роза Акназарова айтты. “Мамлекетке иштебей туруп, өлкө казынасынан көп каражат, тактап айтканда, социалдык пенсия алышууда. Иштебей туруп социалдык пенсия алгандардын жашын жогорулатууну колдойм”,- деди эл өкүлү.