Кыргыз-кытай чек ара аймагындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде чек ара кызматы кабарлады. Аталган өлкөдөгү Тазалануу майрамына карата кытай тарап 4-апрелден 7-апрелге чейин чек араны жаап туруу өтүнүчү менен Кыргызстанга кайрылган.