Ала-Бука районунун 30670-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлер арасында мушташ болуп, жоокерлердин бири бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-майда саат 10:30 чамасында Тоң райондук аскер комиссариатынан чакыртылган 19 жаштагы А. у. Элдияр аттуу жоокер аскерлердин кийим сактоочу кампасына кирип Жайыл райондук аскер комиссариатынан чакыртылган 21 жаштагы С.Арген аттуу жоокерден насыбай сураган. Эки жоокердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, маселени чечүү үчүн жоокерлер эшикке чыгышат. Ошол учурда Арген чөнтөгүнөн бычак алып чыгып Элдиярды көкүрөк тушка сайып жиберген. Бычактан жаракат алган жоокер ооруканага жеткирилген.
"Учурда жабырлануучунун абалы туруктуу. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти аймактык Аскер прокуратурасынан.