Түркиянын Диярбакыр шаарында 10-майда орун алган жардыруудан 45 адам жаракат алып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ар түрдүү жаракаттарды алган 45 адамдын ичинен 12си полиция кызматкерлери, калган 33ү шаар тургундары болгон. Айрым маалыматтарда жаракат алгандардын арасында кичинекей бала бар экени айтылууда.
"Диярбакыр шаарынын Баглар аймагында жардыруу кечээ түштөн кийин орун алган. Жардыруу полиция кызматкерлери Күрдстан жумушчулар партиясынын кармалган мүчөлөрүн медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып бараткан учурда болгон. Унаанын ичинде полициянын 9 кызматкери жана кармалган 7 киши болгон", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин 12-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышындагы жайгашкан аскер базасында унаа жарылып, 1 киши өлүп, 25 киши ар түрдүү жаракаттарды алган болчу.