Кара-Балта шаарында мунай затты кайра иштетүүчү завод ишке кирет

30-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана "Чайна Петроль Компани “Джунда” ишканасынын жетекчиси Яо Гаомин менен Кара-Балта шаарында мунай затын кайра иштетүүчү заводдун курулушун жана ишке киргизүү мөөнөтүн талкуулашты. Өкмөт башчы аталган заводдун Кыргызстан үчүн социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн айтып, заводдун ишке кириши менен өлкөнүн күйүүчү-майлоочу майларга көз карандылыгы кыскарарын, жаңы жумушчу орундар түзүлөрүн жана мамлекеттик бюджетке ар түрдүү салык төлөмдөрү түшөрүн белгиледи. Мындан сырткары өкмөт башчы завод ишке киргизилгенде жалпы жамааттын санынын 90 пайызы кыргызстандык жарандардан болушун белгиледи. Ал эми Яо Гаомин ушул жылдын июль айына карата бардык иштер бүтүп, август айында ишке берилип, күзүндө завод толук кандуу иштеп баштай турганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан