Ала-Бука районунда алтын казуучу ишканага нааразычылык билдирип чыккан эл таркады

31-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда алтын казуу менен алектенген "Казахмыс голд Кыргызстан" компаниясынын жумушчу вахтасын Көк-Серек айылынын тургундары тосуп алышкан. Буга компаниянын элге берген убадаларынын аткарылбаганы себеп болгон. Ишкана аталган айылдын унаа жолуна асфальт төшөп берүү боюнча убада берген, бирок ушул күнгө чейин жол оңдолгон эмес. Айыл тургундары оор жүк ташуучу унаалардан улам жол бузулуп, чаң үйлөрдү каптап жатканын айтышат. Айыл элинин мындай нааразычылыктарынан кийин район акими, РИИБинин башчысы, бир катар жетекчилер Көк-Серек айылына барышып эл менен жолугушту. Анда район жетекчилиги бул көйгөй 14-апрелге чейин чечиле тургандыгын убадалашты. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаев билдиргендей, элдер таркашты, учурда жол ачык. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан