30-мартта “Ак Шумкар” партиясы 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгон баатырларды эскеришти. Эскерүү иш-чарасына партия мүчөлөрү жана аталган окуяда каза болгондордун жакын туугандары катышты. Бишкек шаарандагы Жал кичи районунда болгон бул иш-чарада 1 жылкы союлуп, маркумдарга багышталып куран окулуп, андан соң атайын жасалган тамак-аш жергиликтүү тургундарга жана эскерүүнүн катышуучуларына таратылып берилди. Ошондой эле каза болгон баатырлардын туугандарынын алдына экономика министри Темир Сариев чыгып экерүү сөзүн сүйлөдү.