Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмышка шектүү катары кармалган 6 адам жергиликтүү тургундар болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 6 адам 11-май күнү кармалган. Алардын ичинен 1995-жылы туулган Ш.Е. жана Л.А. Ысык-Ата районунун 2 тургуну "3 аялды өлтүргөн" деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми кылмышка катыштыгы бар, аталган райондо жашаган Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган К.Н., Б.Э., 1996-жылы туулган Г.А. жана П.И. аттуу тургундары суракка алынууда. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон.