Кадамжай районунда башка динге өтүп кеткен жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Баткен облусундагы Кадамжай райондук жаштар комитетинин төрагасы  Хайрулла Хамидулла уулунун айтымында, район аймагында жаштардын башка динге өтүп кетүүсү орчундуу маселе боюнча калууда. Буга байланыштуу жакын арада Жаштар комитети тарабынан иш-чара уюштурулуп, жаш муунга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда. Ага мектеп окуучулары катышат. “Баптизмге чоңдор кирип кетпейт, анкени алардын аң-сезими жетиштүү. Жаш балдар алданып, акчага азгырылып кирип кетүүдө. Киргенден кийин ант берип чыга албай калат. Жер-жерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан