20-марттан 1-апрелге чейин Ош шаарында “Көңүл бургула, балдар!” аттуу рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкери Азиз Пазылов билдирди. Иш-чара окуучуларды жол эрежелери менен тааныштыруу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулду. Анда жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери жол жээгиндеги мектептердин окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жаш улан-кыздар менен иштешкен инспекторлор жолдордо мектеп окуучуларын эреже менен өткөрүп, андан соң окуучуларга түшүндүрүү чогулуштарын да өтүштү.