Ош шаарында 20-апрелден 27-апрелге чейин жаштардын кайрымдуулук жумалыгы болот. Бул иш-чаранын жүрүшүндө шаардагы сейил бактарды тазалоо, андагы отургучтарды сырдоо сыяктуу коомдук иштер аткарылат. Демилге мэрия тарабынан көтөрүлүүдө. Шаардын тазалыгын көздөгөн жумалыкка коомдук бирикмелер, ыктыярдуу клубдар жана башка каалоочулар катыша алышат.