Борбор калаада коомдук ишмер Нурлан Мотуев "согуштук аракеттерге үндөгөн" деген шек менен камакка алынды. УКМКнын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришкендей, Н.Мотуев "бийликти басып алып, курал колдонууну көздөгөн" деген шек менен кармалган "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн 12-май күнү болгон жолугушуусунда кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырыктарды жасаган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.