"Кыргызстандын 34 пайыз жашоочулары таза суу менен камсыз болгон эмес". Мындай билдирүүнү бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков билдирди. Анын айтымында, бул көйгөйдүн көпчүлүк бөлүгү Жалал-Абад облусуна туура келет. “Жалал-Абад облусунда 48 пайыз, Ош облусунда 42 пайыз, Ысык-Көл облусунда 22 пайыз, Талас облусунда 7 пайыз жана Чүй облусунда калктын 7 пайызы таза сууга муктаж”,- деди ал.