Иран өлкөсү бардык багытта Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Нажафи Хошрудини кабыл алды. Жээнбеков элчинин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегине үмүт артарын билдирди. “Келечекте эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен соода-экономикалык товар жүгүртүүнүн көлөмүн жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты жогорулатуу зарыл. Маселен, энергетика, айыл чарбасы жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү, ошондой эле медициналык туризм жана металлургия жаатындагы долбоорлор бар”,- деди төрага. Иран тараптын бардык багыттарда кызматташууну өнүктүрүүгө, өзгөчө, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жандандырууга кызыкдар экенин билдирди элчи. Ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын жарандары үчүн визалык режимди эки тараптуу жөнөкөйлөштүрүү маселеси тууралуу да сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан