Бишкек-Балыкчы унаа жолун оңдоого 38 миллион доллар бөлүнөт

Кыргызстандагы маанилүү делген 2 унаа жолун оңдоого Кытай өлкөсү 129 миллион 800 миң доллар насыя берет. Бул маалымат ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү, 1-апрелдеги жыйынында белгилүү болду. КРнын Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, бул каражат Ош-Баткен-Исфана жана Бишкек-Балыкчы унаа жолдорун оңдоого жумшалат. “Бул насыя 20 жылга берилет. Анын 9 жылы жеңилдетилген түрдө берилет, башкача айтканда, насыянын үстөк пайызы 2 пайызды түзөт. 91,4 миллион доллары Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоого сарпталса, 38,4 миллион доллары Бишкек-Балыкчы жолун оңдоого жумшалат”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан