Бишкек шаарында автоунаалардын санынын жылдан жылга өсүшүнөн жана алардан бөлүнүп чыккан түтүндөн улам шаардагы абанын 80 пайызы булганууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды. Аталган комитеттин бүгүнкү жыйынына Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышты. Аталган мекемелердин маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө борбор калаада 180 654 унаа расмий түрдө катталган. Ошондой эле борбор шаарга күнүнө 30-40 миң автоунаа кирип-чыгат. Аларды 94 май куюучу бекет тейлейт.