1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 249 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 1-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 249 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 268 метр куб, ал эми агып чыгышы секундуна 370 метр кубду түзүүдө. Былтыркы жылы бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 миллиард 224 миллион метр куб болгон. Ал эми суунун агып кириши секундуна 257 метр куб, агып чыгышы 311 метр кубду түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан