Түркиянын Стамбул шаарында жасалма кыргыз паспорттору менен Кытайдын 98 жараны кармалды. Алар Сауд Арабияга учууга аракеттенишкен. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын этникалык уйгурлары Стамбулга Үрүмчүдөн учуп келишкен. Алар Түштүк Кипрге алган билеттерин көрсөтүү менен көзөмөл-өткөрүү бекетинен транзиттик залга өтүшкөн. Ал жерден төрт адам Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун Кытайдын 98 жаранына беришкени маалыматта айтылат.
"Ар бир жаран паспорт үчүн 2,5 миң евро жана билет үчүн 300 доллардан төлөгөн. Жасалма паспорт менен кармалган жарандар Сауд Арабиясына учууга аракет кылышкан. Аларды полиция кызматкерлери кармап калышты. Тийиштүү иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен Кытайдын жарандары өз мекенине депортация болушмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, Кытайдын жарандарына Кыргыз Республикасынын жасалма паспортторун берген жарандар аныктала элек.