Түркияда жасалма кыргыз паспорту менен кармалган Кытайдын 98 жаранынын паспорттору текшерүүгө алынат

Түркиядан жасалма кыргыз паспорту менен кармалган Кытайдын 98 жаранынын паспорттору текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматтын жетекчилиги Түркия мамлекетине жасалма паспорттордун сериялык номурларынын көчүрмөсүн берүүнү өтүнүп кайрылуу жасаган. Учурда Калкты каттоо департаментине акыркы бир жылда кытайлык уйгур жарандарына паспорт берилгени тууралуу маалыматты тактоо иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Стамбул шаарынан Сауд Арабиясына учуу аракетин кылган 98 кытайлык жаран жасалма кыргыз паспорту менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
salihalady
2016-05-18 13:00:10
Кыргыздын пасспортун алуу оной эле болуп калды го,Москвада туруп молдаван менен озбектер сатып алып жатышат.
+6
ekaterinburg
2016-05-18 13:04:59
Иликтеп,кимден-каерден алгандарын билип,камоо керек аларды.Пирожки саткандай эле сатышат жуварымбектер!!!
+4
aselushka
2016-05-18 13:19:10
китайский кыргыз паспорттор чыга баштаганго чиркин
+6
Musabaeva.
2016-05-18 13:26:07
Паспорт алуу эч кандай койгой жаратпай калган учурда.Москва да журуп кызына же баласына 10-15минге паспорт алдыртышатко.Ошол сыяктуу алышканда бул Кытайлар дагы.
0
ATLETICO
2016-05-18 13:31:28
Ушул пасспортный столдун башчылары накта саткындар экен. Кобураак акча берсе эле пасспорт сатыша берет тура бул тойбостор.
+2
jetinur90
2016-05-18 13:49:29
Кайсы област,кайсы райондун,да же кайсы айылдын тургуну экенине чейин жазылат го паспортто. Ким бергенин чындап кармагысы келгендер учун кыйын эмес табуу.
+2
Urmat_83
2016-05-18 14:00:48
Кочурмосун алдыргандан кийин кайрадан чыныгы кылып жасап адашып калып кармашыптыр дешпейби
0
bekishova
2016-05-18 14:35:31
Мени менен Москвада иштеген грузин бала ошол жакта туруп эле алган, фамилиясын орусча кылып озгортуп, орус паспортун алыш учун.
+2
abusait
2016-05-18 16:30:05
Кыргыз паспортун жасоо Иттен оной болуп калганго. Кээ бир олколордо кыргыз атуулдугуна женилдиктер берилген . мисалы россияда. Ошон учун кобу биздин жарандыкты алгылары келет.
0
zhykyo
2016-05-18 17:50:24
Негизи Кыргыз эли мейман дос болобуз омуру бизге кытай паспортун бербейт болуш керек 70 жыл жашасакта Кытайда
0
barpy
2016-05-18 17:53:17
Бийлик коррупционерлерди саясий атаандаштарынан издешет, коррупция кадам сайын мен мындамын деп козуно сайылып, чонтогунду тоноп кетип жатат го. ГАИге тушсон акча, оорукана, торот уйу, бала бакча, мектеп, университет акча, паспорт же справка алуу, милиция, сот-прокурор баары акча, жакшыраак кызматка отуруу чооон акча...

Акча учун паспорт жолдо калсын, жер сатылып кетип жатат го атанкору, олконун жерлери... Акаев Узонгу-Куушту, Бакиев Каркыраны сатса, азыркылар Аксыны сатып... паспор
+2
zamandash
2016-05-19 00:37:10
ээн негизгиси паспортту бергендер жазаланар бекен??? ошол маанилуу
0
altyshka_23
2016-05-19 10:51:40
Уят уят акча учун оздорунда сатышыт жакында
0
arzygulR
2016-05-21 04:30:00
Ээээээх Кыргызстанда корупция аябай эле онуктуго
0
ruslanz
2016-05-21 06:59:37
Ушул окуядан кийин ГРСтин жетекчиси кызматынан кетип калса болмок. Т Сарпашев беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан