Өлкөнүн тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн

2-4-апрель күндөрү Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындан улам жаңыдан гүл ачкан бак-дарактардын үшүккө кабылып, мөмө байлоодон калышы мүмкүн. 1-апрелден 4-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында кар көчкү түшүү коркунучу бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан