Кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчө ырдоо стили менен таанымал, бир топ патриоттук ырлардын ээси Тата Улан Нарынга күйөө бала болду. Ырчы мырза 30-мартта Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын Нурзат аттуу бийкечин кыргыздын салты менен үйдөн алып кетти. Тата Улан сүрөткө түшүүдөн баш тартып, бул нерсе дин жолунда күнөө катары эсептелерин айтты. Ал эми келинчеги Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетинде 4-курста окуйт. Келинчеги да динге баш коюп, хиджаб кийип жүргөнү белгилүү болду.