Бүгүн, 2-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Садыгалиев, Профсоюзная, Фучик көчөлөрүнө, Кызыл-Аскер, Достук кичирайондоруна жана башка бир катар аймактарда таза суу берүү токтотулат. "Бишкексууканал" ишканасы кабарлагандай, суу берүүнүн чектелиши “Батыш” суу тосмосун оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.