"Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги үч-төрт күндөн бери кыргыз жарандарына жардам бербей жатат", - деп окурман SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен Москва шаарында иштейм. Элчилик кыргыздарга 3-4 күндөн бери документ жасабай, каттоо жүргүзбөй жатат. Чак түштө эшиги бек, же ар кайсы жерге жиберип, же ал жактагылар "документ менен ишибиз жок, билбейбиз" деп жатышат. "Билип бергиле" десек, "азыр биз биле элекпиз" дешет. Эмне кылышыбыз керек, документтер бузулуп жатат. Кыргыз жарандары жумушка же көчөгө чыга албай жатышат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.